• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тарых музейи жана ат майданы боюнча иш: Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын оңдоп-түзөө тууралуу иш боюнча кезектеги отурум өтүүдө.

Сот жактоочулардын жарыш сөзүн уккандан кийин, өкүм чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетти.

Мурда мамлекеттик айыптоочулар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду Кылмыш кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыратууну жана зыяндын ордун толтуруу иретинде 247 млн сом төлөтүүнү суранган. Ал эми президенттин аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этностор аралык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаеваны Кылмыш кодексинин 302-беренесинин 1-бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айыппул салууну өтүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий