• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Май айында “Түндүк электрдин” абоненттери 42 млн кВт.саат электр энергиясын үнөмдөштү

Коом 0

Бишкек, 09.06.20. /Кабар/. Май айында “Түндүк электр" ААКнын абоненттери 42 млн кВт.саат же 11,6% электр энергиясын үнөмдөштү. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн (30.04.2020-ж. № 228) токтому менен май айына 362 млн кВт.саат каралып, керектөө 319,9 млн кВт.саатты түзгөн. Салыштырсак, 2019-жылдын ушул эле айында “Түндүк электр” ААК боюнча 360,5 млн кВт.саат электр энергиясы колдонулган.

Май айында Кыргызстандын борбор калаасынын тургундары 141,2 млн кВт.саат электр энергиясын керектешсе, Чүй облусунда бир айда 156,2 млн кВт.саат, таластыктар ушул эле айда 22,5 млн кВт.саат электр энергиясын пайдаланышкан.

Пикир

Оставить комментарий