• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда 3 жаран «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартты

Аймак 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда 3 жаран «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад ОИИБдин жана Сузак РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сузак районунун 3 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунан баш тартышты. Алар буга чейинки кадамдары туура эмес экендиктерин айтышып, мындан ары мыйзамдуулукту сактоого сөз беришти.

Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштеринин натыйжасында облус аймагында жыл башынан тартып 16 адам каттоодон чыгарылган. Ошондой эле 8 айда чет элдик жарандарга (студенттерге), жогорку жана орто билим берүү мекемелерине, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, укук коргоо кызматкерлерине, бейөкмөт уюмдарга, коомчулукка ар кандай темада 571 жолу лекция, семинар, тегерек столдор өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда облус аймагында ЭММКАК багытында 545 адам каттоодо турат. Алардын ичинен 485 адам «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү катары каттоого алынган.

Пикир

Оставить комментарий