• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ала-Букада милиция кызматкерлери окуучуларды кышкы эс алууга тоо бооруна алып чыкты

Аймак 0

Бишкек, 21.01.20./Кабар/. Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери мектептер аралык достукту бекемдөө үчүн Сары-Талаа айылынын коопсуз деп эсептелинген Чийит-Кол участкасына окуучуларды кышкы эс алууга алып чыгышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милициянын негизги максаты район аймагындагы окуучулар арасында ынтымакты чыңдоо, топтошуп мушташуулардын, укук бузуулардын, балдарга карата ырайымсыз мамилелердин алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.

РИИБдин кызматкерлери жаштарды кыш мезгилинде кооптуу аймактардан чана, лыжа тебүүгө болбостугун эскертишти. Мектеп окуучулары бул иш-чарадан көптөгөн пайдалуу кеңештерди алышкандыктарын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий