• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы ишкерлер менен жолугуп, өндүрүштү жандантууну талкуулады

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында токтоп турган ири өндүрүш ишканаларды жандандыруу зарыл. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев шаардагы өндүрүштүк мекемелердин жетекчилери менен болгон жолугушууда билдирди.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууга калаа мэри Эрнисбек Ормоков, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун облустагы өкүлү Нурбек Сапарбаев катышты.

Облус жетекчиси азыркы учурда ишмердүүлүгү солгундап, убактылуу токтоп турган ишканалардын көйгөйлөрүн сурады. Шаардагы көпчүлүк ири мекемелер жер аянттарын ээлеп, элге жана мамлекетке пайда алып келе албай жатканын айтты. Ишкерлер менен жолугушуунун максаты да маселелерди талкуулап, чечүүгө көмөктөшүү жана жөнгө салуу экенин белгиледи.

Өкүл өндүрүштүк жайлардын жандануусу менен гана экономикалык абалды жакшыртууга болоорун баса белгиледи. Калкты жумуш менен камсыздоо, жергиликтүү өндүрүштү колдоо, экспортко чыгуу да башкы маселе экенине токтолду. Жыйында ишкерлерди натыйжалуу бизнес пландарды түзүп Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду менен биргеликте иш алып барууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий