• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош ИИБ: Жарандын сабалышы боюнча тарап жаткан видео Кыргызстанда эмес, Кытайда тартылган

Аймак 0

Бишкек, 18.05.21. /Кабар/. Ош аэропортуна сырттан учуп келген чет өлкөлүктөргө, анын ичинде тажик улутундагыларга басым жасалып, ур-токмокко алынып жатат деген билдирүү чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош аэропортунда сырттан учуп келгендерге эч кандай кысым көрсөтүү болгон жок.

“Айрым интернет булактарында Ош шаарынын аэропортуна сырттан учуп келген чет өлкөлүктөргө, анын ичинен тажик улутундагыларга басым жасалып, ур-токмокко алынып жатат" деген жалган маалыматтар тарап, Ош аэропортуна тиешеси жок видеоролик менен коштолууда. Видеороликте бир белгисиз адамдардын өз ара мушташын жана белгисиз кара түстөгү автоунаанын жерде жаткан адамды тебелеп кеткендигин көрүүгө болот.

Бүгүнкү күндө Ош аэропортунда кандайдыр бир чет өлкөнүн жарандарына карата жасалган кылмыш же жорук катталган жок. Башка өлкөлөрдөн учуп келип жатышкан тажик улутундагы жарандар тууралуу укук коргоо органдары тарабынан маалыматтар алдын ала алынып, алар Өзбекстан Республикасынын аймагына чейин коопсуздугу корголуп, узатылып жатат. Ал эми "Ош аэропортунда болгон окуя" катары таратылып жаткан видеоролик Ош аэропортуна таптакыр тиешеси жок жана провокациялык багыттагы видеоролик болуп эсептелинет”, - деп айтылат Ош ШИИБдин маалыматында.

Акыркы такталган маалыматтарга ылайык, бул окуя Кытай Эл Республикасында болгон.

Пикир

Оставить комментарий