• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чаткал районунун негизги унаа жолдору сүрүлүп, тегизделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун негизги автоунаа жолдору сүрүлүп, тегизделүүдө. Бул тууралуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол сүрүү иштери Чаткал-Ала-Бука автоунаа жолунун 38-чакырымынан, башкача айтканда, Терек-Сай айыл аймагынан башталды.

N27 жол тейлөө ишканасынан 2 автогрейдер, "Жагалмай" ишканасынан 1 автогрейдер, жалпы 3 автогрейдер жол сүрүү, тегиздөө иштерин алып барууда.

Ошондой эле Каныш-Кыядан Чакмак-Сууга чейинки автоунаа жолун тегиздөө иштери удаалаш жүрүүдө.

Жалпы 215 чакырым автоунаа жолунун 177 чакырымы сүрүлүп, тегизделүүсү тийиш.

Пикир

Оставить комментарий