• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Өлкөнүн 2 облусунда кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча муниципалитеттерге окуу семинары өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 13.02.22. /Кабар/. Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча муниципалитеттерге окуу семинары өткөрүлдү. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү деңгээлде кызматтарды уюштуруу жана аларды жакшыртуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкы приоритеттүү милдети болуп саналат.

"Бирок, бул милдеттерди аткарууга бардык эле муниципалитеттердин мүмкүнчүлүгү жете бербейт. Бул маселелерди чечүү максатында Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу эл аралык өнөктөш уюмдар менен биргеликте муниципалитеттерге колдоо көргөзүп келет", - деп айтылат билдирүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, ошондой иштердин бири “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору эсептелет, долбоордо кызматтарды уюштуруу жана жакшыртуу үчүн түрткү берүүчү грант дагы берилет.

Белгиленгендей, долбоор Ысык-Көл жана Жалал-абад облустарында 5 жылдан бери аткарылып, быйылкы жылы дагы улантылууда. Ошондой эле 67 муниципалитетке гранттык колдоо көрсөтүлгөн.

Долбоордун негизги максаты жергиликтүү деңгээлдеги кызматтарды жакшыртуу болуп саналат. Быйыл дагы долбоордун алкагында жарыяланган гранттык конкурска катышуу үчүн 38 өтүнмө келип түшкөн.

Долбоор Швейцария өкмөтүнүн, Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча башкармалыгы аркылуу каржыланып, Хельветас жана өнүктүрүү саясат институтунан турган уюмдардын консорциумунда КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу аркылуу ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий