• 88.68
  • 95
  • 0.95

14-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 14.02.22. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, бүгүн күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 0…+5 градус, Талас облусунда -2…+3 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз 1…6 градус, Нарын облусунда болсо -1…-6 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы күндүз 1…6 градуска жылуу болушу күтүлөт.

Борбор калаабыз Бишкекте күндүз кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы күндүз +2…+4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий