• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Жээнбеков Си Цзиньпиндин китеби тууралуу: Мен китептен адамзаттын жашоосун жакшыртууга багытталган асыл ойлорду таптым

Коом 0

Бишкек, 08.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 8-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин кыргыз тилинде басылып чыккан "Мамлекеттик башкаруу жөнүндө" китебинин бет ачарына катышты. Бул иш-чара Кытайдын төрагасынын Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өттү.

Мамлекет башчы белгилегендей, бир жумадан кийин дүйнөлүк лидерлердин бири - Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын биздин өлкөгө мамлекеттик сапары болот.

"Бул визит кыргыз-кытай мамилелеринин жаӊы тарыхый барагын ачат. Өз ара алакабыз жогорку сапатуу деӊгээлге көтөрүлүп, стратегиялык өнөктөштүктү тереӊдетүү этабына өтөбүз. Ушул тарыхый окуянын алдында, бүгүн, Си Цзиньпин мырзанын “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” фундаменталдуу эмгеги кыргыз тилинде чыкканына байланыштуу чогулуп олтурабыз. Саясий, маданий, философиялык мааниси терең жана глобалдуу маселелерди камтыган бул китеп - биздин коомго 5 жыл мурда орус тилинде белгилүү болгон", - деди ал.

Ал айтып өткөндөй, эми кыргыз тилинде окуган жарандарыбыз да бул уникалдуу китепти окуу мүмкүндүгүнө ээ болушту.

"Окурмандар китептин авторунун - учурдун эӊ таасирдүү саясатчысынын - тарыхка, бүгүнкүгө, келечекке болгон көз карашы менен тааныша алышат", - деди ал.

Президенттин айтымында, Си Цзиньпидин китеби чоң кызыгууну жаратып, дүйнөгө кеңири таркады. Ал көптөгөн тилдерге которулуп, миллиондогон нускалар менен жарык көрүүдө.

Ал белгилегендей, бул эмгек – дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө. Кытайдын өнүгүү логикасын баамдоо, кытай коомунун терең философиясына негизделген мамлекеттик башкаруу ыкмасын түшүнүү үчүн бул китепти сөзсүз окуп чыгуу абзел.

"Дүйнөлүк саясий аренада зор кызыгууну жараткан бул китепти окурмандар жаңы кылымдын жаңы көз карашы катары кабыл алып, баалап жатышат. Китептин негизги мазмунун - учурда болуп көрбөгөндөй темп менен өнүгүп жаткан Кытайдын тарыхына таянып, анын келечеги жөнүндө автордун ой толгоосу түзөт. Кытай мамлекетинин өнүгүү жолун көрсөткөн концептуалдык идеялар жазылган. Мен китептен дүйнөлүк өнүгүүгө болгон жаңы идеяларды, адамзаттын жашоосун жакшыртууга багытталган асыл ойлорду таптым ", - деди мамлекет башчы.

Пикир

Оставить комментарий