• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

JICA Кыргызстан менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Токио шаарында JICAнын Чыгыш, Борбор Азия жана Кавказ департаментинин башкы директору М.Хиросава менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Осоев JICA`га кыргыз тарапка көрсөткөн колдоосу жана Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Элчи Осоев JICA менен биргелешкен долбоорлорго токтолуп, жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу үчүн жабдууларды жакшыртуу, жарандык авиацияда адистерди даярдоонун деңгээлин жогорулатуу, айыл чарбасын, туризмди өнүктүрүү, экспорттук потенциалды жогорулатуу, “Бир айыл – бир продукт” долбоорун кеңейтүү, ГЭСтин инфраструктурасын модернизациялоо ж.б. маселелерди баса белгиледи.

Хиросава JICAJICA`нын Кыргызстанда экономиканы, айыл чарбаны, туризмди, энергетиканы, жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу үчүн жабдууларды жакшыртууга багытталган долбоорлорго басым жасоо ниетин баса белгилеп, кызматташууну тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө жана бул багыттар жана биргелешкен долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырууга даяр экендигин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогоруда аталган багыттар боюнча Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий