Өлкөнүн экономикалык абалы жана жарандардын жумушсуздугу бүгүнкү күндүн негизги көйгөйү болуп жатат. Жумушсуздук калктын ар бир жаранына өз таасирин тийгизүүдө. Жаштардын жана эркектердин көбү чет өлкөлөргө кетишсе, калган эжелер, апалар эптеп жан багуунун айласын көрүп жатышат. Көчөлөрдө кыштын суугуна, жайдын ысыгына карабай майда-чүйдөлөрдү сатуу менен алектенип отурган эжелерди көрүп эле жүрөбүз. Айрыкча базарлардын тегереги, жер өтмөктөрдүн жана аялдамалардын айланасы соода кылган эжелерге толгон. Бул эжелердин абалдары менен таанышып көрдүк.
Үй-бүлө багуунун аракети
Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктүн жанында соода кылган Бактыгүл эже арманын мындайча төгүп берди. “Жолдошум менен ажырашканыбызга көп жыл болду. Эки кыз бир уулум бар, ушул тегеректе байкемдин үйүндө жашайбыз, кыздарым мектепте окушат, баламдын Россияга иштеп кеткенине эки жыл болду, акча салып турат, ал деле жетпейт . Азыр баары кымбат,балдардын кийими, тамак-аш, окуу буюмдары баары акча... Жогорку билим алган эмесмин, ушул жакта 5 жылдан бери соода кылам, жаныбызды ушу менен багып келе жатабыз. Мамлекет эч кандай жардам бербейт,акча бербесең контейнерден да орун ала албайсың менин ага эч эле чамам жетпейт. Үмүтүм балам менен кыздарым ошолорду кем кылбай чоңойтуп алайын деп аракет кылып жүрөм.”
Көчөлөрдө улгайган апалар да соода кылышат. Политехтин жанындагы аялдаманын артында соода кылган Алмагүл апа төмөндөгүлөрдү айтып берди. “Ушул жерде соода кылып баштаганыма 2-3 жылдын жүзү болду, жашым улгайган, жумушка эч ким албайт анан ачка отурмак белек, неберелеримди багам. Ата энелери да чет өлкөдө жумуш издеп жүрүшөт. Ошол балдарым эртерээк бутунан туруп кетсин деп, үйдө жата албайм, мындай заман болорун ким билиптир. Мындан түшкөн акчабыз чайыбызга жетет.”-деп сөзүн бүтүрдү.
Көчөлөргө чыгып соода кылуу кээ бирлер үчүн айла жоктун иши, жан багуунун аргасы болсо, кээ бирлер үчүн кошумча каражат, кошумча бизнес. Айрыкча майрамдардын алдында алардын саны дагы да артат ,көп эле эжелер жаймаларын жайып базарлардын алдына чыга калышат. Манас жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен бир аз өйдөрөөк жакта да бир нерселерин жайып алып сатып отурган эжелер бар. Жалгыз гана кыргыздар эмес башка улуттун өкүлдөрү да болушу мүмкүн. Көп эле орус "бабушкалар" токулган байпактарын же дагы башка бир нерселерин сатышат. Алардын бири Людмила апа менен маек курдук. “Мен пенсиядамын, пенсия аз болгондуктан бардык муктаждыктарыбызды каржылаганга жетпейт, неберем бар, мен буларды өзүм түйөм неберем жардам берет. Көп түйүп даярдап алып сата берем, түгөнсө чыкпай калам. Буларды сатсам кошумча каражат болот, мага да жакшы, себеби, жумуш менен алаксыйм. Ушу менен кеч кирет” дейт Людмила апа.
Базарларда орун жок
Ош базардын айланасы өзүнчө бир базар. Жөө киши баскан жердин баарын сатуучулар курчаган. Алар Ош базардын ичинен алган товарын эле кайра сатышат. Ал жакта жаш кыздардан тарта улгайган апалар да бар. Бул жерде турган эжелер базардан да орун ала албагандыгын айтып арызданышат. Алардын бири Анар эже, “Жашоонун айынан ушул жакта жүрөбүз да, үстүбүздө үйүбүз жок батирде турабыз, жолдошум машине оңдоп иштейт,мен эртеден кечке ушул жерде турам, балдарыбыз менен каражаныбызды араң багып келе жатабыз. Бул жерде туруп сатууга да уруксаат жок. Күнүгө милиция кызматкери келип тийишип кетет, бир нерсе бербесең болбойт,антпесе чындап көрөр күнүбүз жок. Өкмөттөн бир сом акча албайбыз, жок дегенде базардан бир орун алып алсак жакшы болмок. Ал жактан да акчаң анан таанышың болбосо болбойт экен, 3 жылдан бери бир орунга жетпей жүрөбүз", - деп айтты.
Адал эмгек менен жанын багып жүргөн жарандардын дагы бир көйгөйү- уруулар. Кээ бир адамдар, өтүп бара жатып бир нерселерин уурдап да кетишет. Бул жөнүндө он беш жаштагы Мунара айтып берди. “Атамды жана бир туугандарымды багуу үчүн ушул жерге күнүгө чыгам, апамдын көзү өтүп кеткен, мектептен кийин окуганга шарт болгон жок, өзүм мугалим болгум келчү. Соода кылуу оңой эмес, бул жерлерге турганга болбогондуктан, милиция кызматкерлери акча талап кылышат, кээде чоң эле кишилер бир нерселерибизди алып качып кетишет. Алардын артынан кууп да жете албайсын,мен кичине болгон үчүн аны да байкап турушат, жетсем да эч нерсе кыла албай турганымды билишет, тескерисинче таяк жеп калуудан коркуп, ордумда калып калам. А базардан орун алуу кыялымда да жок, ижарасы да кымбат.
Түркиянын “Халка хизмет” борборунун психологу Сүрейа Яалчын аялдардын эмгеги тууралуу буларга токтолду. “Аялдардын көпчүлүгүнүн аң-сезиминде намыс үчүн, балдар үчүн кандай жумуш болсо да аткарыш керек деген нерсе калыптанып калган. Мындан улам алар ысык-суукка карабай, ден-соолугун кетирип иштеп жатышат. Андан да маанилүүсү аялга таандык болгон сулуулук, назиктик деген түшүнүк жоголуп кеткен. Базарда тапкан күнүмдүк акча ашып кетсе бир канча күнгө жетет, ал эми андан жабыр тарткан ден-соолук адам өмүрүнө коркунуч алып келет”. Мындан тышкары психолог мамлекеттин базарларда жакшы шарт түзүп берүүсү керек экенин кошумчалады.
Бул эжелерде жан коопсуздугу(страховка) жок, жумушчу китеби (трудовая книжка) жок , жумуш орундары жок, бир күнү соодасы жакшы болсо, бир күнү болбойт, иш уруксааты жок эгер каалашса аларды ал жерлерден кууп да салышат, жогоруда сөз болгондой күнүгө ар кандай көйгөйлөргө дуушар болушат, минтип иштебеске да аргалары жок. Жан багыш керек, үй-бүлөнү багыш керек...
Чагатай Чаган Ылмаз, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти
Пикир
Оставить комментарий