Жаңы келген келиндин башка чоочун эл, чоочун жерге үйүр алып кетүүсү чоң психологиялык сыноо. Антсе да келиндердин мындай абалды басып өтүүсү турган иш. Учурда кайын-журтка батып кете албай, түрдүү чыр-чатактардын үстүндө жашаган, же болбосо тагдырдын эки айрылыш жолуна түшкөн жубайлар көп. Кыргыз элинин социалдык нике каадасындагы институттардын бири болуп саналган өкүл ата, өкүл эне келиндин мындай абалдан тез чыгуусуна, жубайлардын жашоосунда туура багыт алуусуна, келечекте ынтымактуу үй-бүлө болуусуна көмөкчү болот.
Өкүл ата, өкүл эне – кыз-жигитти үйлөндүрүүдө эки куданын ортосуна өкүл болсун деген ой-максатта тандалган адамдар. Алар келиндин кайын-журту тарабынан жакшы санаалаш адамдарынан, кадыр-барктуу эсептелген үй-бүлөдөн, нарктуу, нускалуу адамдардан коюлган. Жаш жубайлар аларга өкүл бала, өкүл кыз болуп, туугандык мамиледе катташышат. Өкүл ата, өкүл эне өкүл кызы менен өз кызындай мамиле кылып отко киргизип, төркүлөтөт. Сепке келген кооз буюмдардын бирөө аларга ыйгарылат.
Кыргызстандын аймактарында өкүл ата, өкүл эне маселеси бирдей калыпта эмес. Мисалы, Ысык-Көл менен Таластын айрым жерлеринде өкүл ата кызга жигит тараптан, жигитке кыз тараптан дайындалат. Башкача айтканда, экөөнүн өкүлчүлүктөрү эки башка болот. Ал эми Нарын, Ош жергесинде кыз менен жигитке бир эле өкүл ата шайланат. Жалал-Абаддын айрым жерлеринде өкүл ата, өкүл эне кызга гана дайындалат. Муну алар «бөтөн жерде жүргөн кыз бала жалгысырабасын, эч ким аны таарынтып, укугун тебелебесин, өкүл ата-эне ага жөлөк болсун» деген ниетте дайындалары менен түшүндүрүшөт.
Баткен аймагында өкүл атанын орду анчалык деле мааниге ээ эмес. Мындай түшүнүк дээрлик жокко эсе.
Ушул себептүү “Шариатта бул кандай каралган?” деген суроо менен дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн кызматкери Бактияр Токтогазы уулуна кайрылдык.
“Өкүл ата, өкүл эне коюу – кыргыздын салты. Динде мындай маселе каралган эмес. Ким кааласа коет. Ким каалабаса койбойт. Бирди же экини коебу бул ар кимдин өз эрки. Шарият буга каршылык көрсөтпөйт”,-деп билдирди ал.
“Учурда жубайларга өкүл ата, өкүл энени алардын ата-энеси эмес, жубайлардын өздөрү тандап калышкан. Айрымдар өкүл ата, өкүл энелери менен тыгыз байланышта болушса, кээ бирлери таптакыр эле катташпайт. Мисалы, биз өкүл ата, энебиз менен абадан жакшы мамиледебиз. Өкүл ата, апабыздын 14 өкүл уул-кызы бар. Алар менен да жакшылык-жамандыкта катташып турабыз. Ортобуздагы мындай ынтымакты өкүл атабыз өзү баштап берген” –дейт “Келечек+” гезитинин негиздөөчүсү Кубаныч Баялиев.
Кыргыз элинде “Эки жаш ажырашса, биринчи кезекте өкүл ата, өкүл эненин бети чымырайт” деген кеп бар. Себеби, алар жубайлардын ынтымактуу жашоосуна өбөлгө түзүүчү адамдар болуп саналат. Жубайлар таарынып ажырашып кеткенде, аларды элдештирүү өкүл ата, өкүл эненин милдети катары эсептелинет.
Назик Эсенбек кызы
Пикир
Оставить комментарий