• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Окумуштуулар кайсы өлкөлөрдө алдамчы адамдар жашаарын аныкташты

Дүр дүйнө 0

Бишкек, 25.07.19. /Кабар/. Окумуштуулар дүйнө жүзүндө кайсы өлкөлөрдө алдамчы адамдар көп жашаарын изилдеп чыгышты. Эң эле ак ниет адамдар Улуу Британия жана Швейцариянын тургундары экени аныкталган. Бир нече изилдөөнүн жыйынтыгында аталган өлкөнүн тургундары акча маселесине келгенде салыштырмалуу аз алдашат.

Ак ниеттүүлүктү текшерүү

Мурунку бир жыл ичинде америкалык жана швейцариялык окумуштуулар дүйнөнүн булуң бурчуна барып, окшош эксперимент жасашкан. Алар коомдук жайларда атап өтсөк музей, банк, мейманканалардын көчөлөрүндө акчасы жана ээсинин дареги бар капчыкты таштап, байкоо салган. Экспериментке 40 өлкөдөн 17 миңден ашык адам катышкан.

Байкоонун жыйынтыгында акчасы менен кайтарылган капчыктар басымдуу болгон. Пайыздык көрсөткүчтө 51%ы өз ээсине кайтарып беришкен. Эгер капчыкта акча жок болсо 46%ы кайтарган. Ал эми, накталай акча көбүрөөк болгон учурда 61% жана 72%ы өз ээсине капчыкты берген.

Көпчүлүк учурда капчык ээлери менен Швейцария, Норвегия жана Дания өлкөлөрүнүн тургундары байланышкан. Дээрлик 70-85%ы кайтарган. Эң аз деп Кытай, Перу жана Казакстандын тургундары эсептелинген.

Адистердин айтымында, ичи бош капчыкты алып алгандарга караганда акчасы бар капчыкты өзүнө алып алгандар өздөрүн ууру катары сезип, жан дүйнөсүндө тынчтык өкүм сүрбөйт. Окумуштуулардын божомолун Улуу Британия, АКШ жана Польшадагы 2,5 миң адамды сурамжылоосу ырастаган. Анда көпчүлүгү капчыкты өзүнө алып алса алдамчы катарын сезээрин айтышкан. Бош капчыкты таап алса ээсине бербей койсо болоорун сурамжылоого катышкандар билдирген.

Адамдын көз карашы жагдайды өзгөртөт

Тегерек четтегилер карап турса адамдар өзүн туура алып жүрүүгө аракет кылышат. Керек болсо плакаттарда адамдын сүрөтү турса дагы адамга таасир этет. Британиялык изилдөөчүлөр көчөдөгү адамдын келбети бар жарнамалар жаман көрүнүштөрдүн санын азайтаарын айтат. Ошондой эле, көчөдө адамдын келбети көрсөтүлгөн баракчалар таратылган учурда, ошол аймакта таштандылардын саны үчтөн эки бөлүккө азайган. Велосипед токтоочу жердеги адамдын карап турган плакаты велосипед уурдагандардын санын 60%га түшүргөн.

АКШнын Түштүк англия унверситетинин изилдөөчүлөрүнүн айтымында, эгер адам башка бирөөнүн көз карашына алымсынбаса, анда ал оңой эле алдап коет. Бирок ал кайсы өлкөдө жашап жатканыңа байланыштуу.

Окумуштуулар 15 өлкөдөн 1500 адамга акчага байланыштуу оюн сунуштаган. Оюнда тыйынды ыргытып, кайсы тарабынан түшкөнүн айтып туруу керектелет эле. Эгер тыйын баасы көрсөткөн тарабынан түшсө катышуучуга 5 доллар, ал эми, бүркүт тарабынан түшсө 3 доллар берилген. Эксперименттин жүрүшүндө изилдөөчүлөр тыйындын кайсы тарабынан түшкөндүгүн карабай, катышуучунун гана сөзүн уккан. Эгер катышуучу тыйындын баасы көрсөткөн тарабын көбүрөөк айта баштаса, анда ал калп айтып жаткан (Алдын ала түзүлгөн тыйындын пропарциясынын орток көрсөткүчүнөн ашып баратса алдап жаткандыгы билинген).

Изилдөөнүн жыйынтыгында эң эле чынчыл британиялыктар болгон, алардын 3,6%ы гана алдоого аракет кылган. Саптын башында кытайлыктар турган, 70%ы алдоого аракет жасашкан. Индиялыктар, япониялыктар жана түштүк кореялыктар да бул катарга орун алган. Бирок, изилдөөчүлөр мындан жыйынтык чыгарбоону айтышкан. Анткени Япония жана Түштүк Кореяда ушул сыяктуу оюндар өнүккөн.

Маалымат интернет булактарынан алынган

Пикир

Оставить комментарий