Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. Бишкекте 30-январдан тарта коомдук транспортто жол кире акысы кымбаттайт. Бул тууралуу мэриядан эске салышты.
Жол кире акысы төмөнкүдөй болот:
- Троллейбуста - 17 сом;
- Автобуста - 17 сом;
- Маршруткаларда - 20 сом;
- валидаторлор орнотулган автобус жана троллейбустарда накталай төлөм 20 сомду түзөт.
Пенсионерлер, 7 жашка чейинки балдар, майыптыгы барлар автобус менен троллейбустарда акысыз жүрөт. Ал эми маршруткада мурдагыдай эле 8 сом төлөйт.
Окуучулар “Тулпар картасын 360 сомго сатып алса болот. “Тулпардын” чектөөсүз картасы 1020 сомду түзөт.
Пикир
Оставить комментарий