• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Күнүмдүк режимдин бузулушу, кеч уктоо баш ооруну күчөтөт – дарыгер

Ден соолук 0

Бишкек, 05.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Күнүмдүк режимдин бузулушу, кеч уктоо, ызы-чуунун таасири адамдын баш оорусу - шакыйды күчөтө турган факторлордун бири. Бул тууралуу Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология кафедрасынын ассистенти Халида Мусаева “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, шакый - бул коркунучтуу баш оору, бул ооруу өтүшүп кетсе, кан тамырлар кысылып, көздүн көрүүсү, кулактын угуусу начарлап инсультка чейин алып келиши мүмкүн. Кээ бир адамдар шакый менен өспүрүм кезден жабыркашат жана бул оору менен көбүнчө аялдар оорушат.

“Шакыйды же баш ооруну күчөтө турган факторлордун бири тамак-ашка да байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы сырдын, шоколаддын, жаңгактардын жана кызыл винонун курамындагы айрым химиялык заттар, көбүрөөк жеген учурда шакыйы бар адамдардын баш оорусун күчөтүшү мүмкүн”, - дейт Халида Мусаева.

Дарыгер кошумчалагандай, шакыйы бар адам ушул ооруну күчөтүүчү факторлорду жокко чыгарса, баш ооруну азайтууга мүмкүн болот.

“Шакый оорусунун негизги белгилерине токтолсок, баштын жарымы, көз кошо ооруп жүрөк айланып, кусканда жеңилдик келиши мүмкүн. Мында ачык жарыкка жана ызы-чууга адам өтө сезимтал болуп, өзгөчө ызы-чууну сүйбөй калат. Бирок, шакыйды толук айыктыруу мүмкүн эмес, бир гана ооруну күчөтүүчү факторлорду азайтуу керек”, - дейт дарыгер.

Дарыгер эскертекендей, эгер баш катуу ооруса, ооруну баса турган 2, 3 дарынын ичинен эң жеңилинен баштап ичүү керек, ал жардам бербесе гана кийинки этабына өтүү дарыгерлер тарабынан сунушталат. Бирок, дарыгердин дайындоосу жок, өз алдынча дарыларды кабыл алуу ден соолукка кооптуу.

“Дарыгерге барып көрүнгөнгө убактысы, мүмкүнчүлүгү жок болуп, баш ооруну дарылар менен убактылуу басып жүрө берген учурлар бизде абдан көп кездешет. Баш ооруган учурларда ооруну басуучу кеңири колдонулган тримол менен цитрамон сыяктуу дарыларды ичип жүрө берүү ден соолукка өтө кооптуу, мында организм ошол дарыларга көнүп калат. Ал дарыны ичпей коюуда оорунун башкача түрү “дары менен байланышкан” баш оору пайда болот”, - деди Мусаева.

Пикир

Оставить комментарий