Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыктарга ылайык, өлкөнүн көп балалуу энелери «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалдары менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9 жана 12-беренелерине ылайык, «Баатыр эне» ордени менен жети жана андан ашык баласы бар жана аларды толук тарбиялаган 921 аял сыйланды. Ал эми «Эне даңкы» медалы менен алты баласы бар жана толук тарбиялап жаткан 664 аял сыйланды.
“Республиканын көп балалуу энелерин «Баатыр эне» ордени менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктын тексти >>>
“Республиканын көп балалуу энелерин «Эне даңкы» медалы менен сыйлоо жөнүндө” Жарлыктын тексти >>>
Пикир
Оставить комментарий