• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айыл чарба министри Кара-Балтада дыйкандар менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Өндүрүш ишканаларын кыдыруу боюнча пресс-турдун алкагында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Кара-Балта шаарында дыйкандар менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда өлкөнүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча пландар талкууланып, кластердик бирикмелерди өнүктүрүү, айыл чарбасын насыялоо программалары, келечекке пландар тууралуу маалыматтар айтылды

Дыйкандар өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтып, өлкөнүн айыл чарбасын жакшыртуу боюнча сунуштарын айтышты.

Жолугушуунун катышуучулары бүгүнкү күндө Айыл чарба министрлиги өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүү багытында үзүрлүү иштеп жатканын белгилешип, сапаттуу иш алып барып жаткан министрге ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий