Учурда Кыргызстан улуттук кызыкчылыктарга жооп берген ырааттуу, тең салмактуу тышкы саясатты жүргүзүп, аймактагы коңшу мамлекеттер, стратегиялык өнөктөш өлкөлөр менен кызматташуусун улантып, батыш жана чыгыш мамлекеттери менен конструктивдүү мамиле түзүүгө жетишти. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын дипломаттарын тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракеси менен куттуктоо сөзүндө белгилегендей, көп векторлуу тышкы саясат Кыргызстандын өзгөрүүсүз принциби бойдон калмакчы.
Буга бир мисал катары дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинде Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн иштөөсүн, Бишкекте аккредитацияланган 100дөн ашык чет элдик элчиликтердин жана эл аралык уюмдардын ишмердүүлүгүн айтсак болот.
“Мындай шартта өлкөбүздүн тышкы саясий ишмердигинде борбордук орунду стратегиялык өнөктөштөр, Борбор Азиядагы жана Евразиядагы коңшу мамлекеттер ээлейт. Ынак коңшулук мамилелерди чыңдаш үчүн чек ара маселелерин чечүүгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Биз Азия, Европа жана Америка өлкөлөрү, мусулман дүйнөсү менен мамилелерди өнүктүрөбүз, ошондой эле Африка, Латын Америкасы жана Океания мамлекеттери менен дипломатиялык байланыштарды жана кызматташууну уланта беребиз”,- деди Садыр Жапаров.
Алгач 80 жылдыгын белгилеп жаткан тышкы иштер министрлигинин тарыхына кайрылсак, 1944-жылдын 17-мартында Кыргыз ССРнин тышкы иштер элдик комиссариаты болуп түзүлгөн. Ушул түзүлгөндөн тартып кыйынчылыктарды, чоң сыноолорду жана жетишкендиктерди басып өткөн учурдагы Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине тарых, азыркы муун өз баасын берүүдө.
Белгилүү болгондой, кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын калыптанышын үч мезгилге бөлүп карасак болот. Байыркы замандан баштап VIII-X-XVII кылымдардагы совет дооруна чейинки кыргыз мамлекетинин тышкы саясаты, советтик доордогу Кыргыз ССРнин тышкы саясаты, 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан көз карандысыздыгын алган күндөн башталган тышкы саясат. Совет доорунда Кыргызстандын тышкы саясаты СССРдин тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө жүргүзүлүп келген.
Тарых барактарына таянсак, мамлекетибиздин тышкы саясаты байыртан баштап жүргүзүлүп келгени белгилүү. Байыркы замандан бери эле элдердин ортосунда ар кандай маалыматтарды жеткирүү, келишимдерге жетишүү үчүн ортодо элчилер кызмат кылышкан. Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө билдиргендей, кыргыз дипломатиясы элибиздин кылымдарды карыткан көөнө тарыхынын, даанышмандыгынын негизинде түптөлүп, өнүккөн.
“Кыргыз дипломатиясынын тарыхы кыргыз элинин тарыхы менен бирге тээ байыркы доорлордон бери келатат. Ошол мезгилдерде эле биз өзүнчө эл катары коңшу уруулар менен гана эмес, улуу империялар менен да мамиле түзүп, аскердик-саясий бирликтерди куруп, башка мамлекеттер менен келишимдерди түзгөнбүз. Мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч жаралган кырдаалдарда да кыргыз эли улуттук баалуулуктарынын негизинде дипломатиялык ыкмаларды билгичтик менен пайдаланып, эркиндиги менен эгемендигин, ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүгүн сактап келгендигине тарыхый мисалдар арбын”,- деди Садыр Жапаров.
1944-жылы Кыргыз ССРнин тышкы иштер элдик комиссариаты уюштурулуп Казы Дыйканбаев комиссар болуп дайындалган. Бул жылдары Кыргыз ССРнин тышкы иштер элдик комиссариатында болгону 4 кызматкер иштеген. Ал эми аппараттын түзүмү саясий бөлүм, протоколдук консулдук бөлүм, купуя сыр бөлүмү жана жалпы бөлүм деп аталып, 15 адамдан ашпаган штаттык бирдиги менен ТИМдин бул түзүмү дээрлик 1991-жылга чейин ишмердүүлүк жүргүзүп келген.
“Тышкы иштер министрлигинин башатында саналуу гана адамдар турса да, министрликтин демилгеси менен ошол кезде өлкөдөгү маанилүү гуманитардык, маданий, социалдык маселелер кабыргасынан коюлган. 1984-жылы жылы ТИМ 14 штаттык бирдикке ээ болуп, министрликте үч департамент ачууга жетишкенбиз. Министрликтин ошентип түптөлүшү абдан туура болгон экен. Себеби, СССР урап калган кезде биздин министрликтеги 4 котормочу кызматкер кайсы бир ишти аткарганга жетишмек. Биз ал учурда келишимдерди, протоколдорду түзүүдө, элчиликтерде аралашып иштеп тажрыйбалуу болуп калганбыз. Ошол кезде жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп, саналуу кызматкерлер республиканын бутунан турушуна абдан чоң тирөөч, негиз болгон. Мына ушул жолдорду басып өтүп, тышкы иштер министрлиги көп этаптардан өтүп отуруп өстү, бүгүнкү күндө жогорку деңгээлде иш алып барууда. Биздин президентибиздин тышкы саясаттагы эң биринчи көзү, жардамчысы болуп турат”, - деди “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин кеңешинин төрайымы Жаңыл Түмөнбаева.
Туңгуч тышкы иштер министри Казы Дыйканбаевдин жолун совет доорунда Шамшы Таянов, Күлүйпа Кондучалова, Сакен Бегматова, Жамал Ташыбекова, Роза Отунбаева, Жаңыл Түмөнбаева улаган. Ал эми Кыргызстандын БУУдагы биринчи өкүлү Жумакадыр Атабеков болгон. Эгемен өлкөбүздүн тышкы иштер министри болуп Роза Отунбаева, Муратбек Иманалиев, Эднан Карабаев, Аскар Айтматов, Аликбек Жекшенкулов, Кадырбек Сарбаев, Руслан Казакбаев, Эрлан Абдылдаев, Чыңгыз Айдарбеков эмгектенип келишти. Учурда өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Жээнбек Кулубаевдин жетекчилиги менен иш алып барууда.
“Президентибиз белгилегендей, кыргыз дипломатиясы учурда ар тараптуу, эч кимге көз карандысыз тышкы саясат жүргүзүүдө. Биз бардык өлкөлөр менен, биринчиден өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды карап, ошого жараша мамиле түзүүдөбүз. Бүгүнкү күндө коңшу өлкөлөр менен тең дипломатияны жүргүзгөнгө аракет кылып жатабыз. Кыргызстан учурда Россия, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү менен жогорку деңгээлде дипломатиялык мамиле түзүүдө. Ал эми жалпысынан айтсак, дипломатиялык байланыш түзүлгөн 197 өлкө менен иш тынымсыз жүргүзүлүүдө”,- деди тышкы иштер министрлигинин орун басары Алмаз Имангазиев.
1991-жылдын 31-августтунда Кыргызстан өзүнүн эгемендүүлүгүн алган күндөн тартып, өз алдынча тышкы саясаттын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алды. Кыргызстан БУУга 1992-жылы мүчө болуп кирип эгемендүүлүк алган 33 жылдын ичинде БУУга мүчө болгон 193 мамлекеттин 172 өлкөсү менен дипломатиялык мамилелерди куруп, КМШ, ШКУ, ЖККУ, Түрк мамлекеттер уюму жана башка 124 эл аралык уюмдун жана бир катар диалог аянтчаларынын активдүү мүчөсү болууга жетишти. 1998-жылы Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп дүйнөлүк соода уюмуна кошулган.
Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдардан тартып, улуттук кызыкчылыктардан тышкары жалпы адамзатка тиешелүү болгон демилгелерди жана көйгөйлөрдү чечүүгө өз салымын кошууда. Өзгөчө акыркы жылдары БУУнун алкагында өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, бир катар эл аралык демилгелерди, экологияга, жашыл экономикага байланыштуу маселелерди көтөрүп жаткандыгы маалым. Эл аралык деңгээлде мындай демилгелерди көтөрүүдө жана иш-чараларды уюштурууда Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин жана анын дипломаттарынын эмгеги чоң.
Андан тышкары, чет жакта жашап, эмгектенип жүргөн жарандарыбызды анын ичинде эмгек мигранттарын ар тараптан колдоо, алардын укуктук абалын жакшыртуу боюнча ТИМдин алдына конкреттүү милдеттер коюлган. Жогоруда белгиленген жетишкендиктер 80 жылдык тарыхы бар министрликтин жана кыргыз дипломаттарынын талыкпаган жана тынымсыз мээнеттеринин жемиши. Алдыда өлкөбүздүн тышкы саясатын улуттук кызыкчылыктарга шайкеш жүргүзүп, мамлекеттибиздин кызыкчылыгын эл аралык деңгээлде татыктуу коргоодо Кыргызстандын дипломаттарын дагы көптөгөн милдеттер жана жоокерчиликтүү иштер күтүп турат.
Чолпон Жумалиева, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий