Бишкек, 17.06.21. /Кабар/. Бишкекте эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда, акыркы суткада 368 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкектин социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымында, учурда шаардыктардын көпчүлүк бөлүгү ооруп жаткандыгын жашырып жатышат, ошондой эле оору аныкталган учурда иштеген жерин айтуудан баш тартышууда.
“Бул олуттуу көйгөйлөрдү жаратууда”, - деди ал.
Ошондой эле вице-мэр шаардыктарга кайрылып, оорусун жашырбай жана оорунун белгилери байкалса тиешелүү мекемелерге кайрылууну сунуштады.
“Бишкекте үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 23 мобилдик тобу иш алып барууда. Райондор боюнча айтсак, Ленин районунда – 8 , Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондорунда бештен топ иштөөдө. Керек болсо, мобилдик топтор үйүңүздөргө келип, сиздерге тиешелүү жардам көрсөтөт. Ооруңуздарды жашырбаңыздар”, - деп сөзүн жыйынтыктады Мозгачева.
Пикир
Оставить комментарий