• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Күйүүчү майга болгон баа кескин жогорулабайт — Монополияга каршы агенттиги

Экономика 0

Бишкек, 17.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларга болгон баанын кескин көтөрүлүшү болбойт. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү-майлоочу майдын 90%ы Россиядан алып келинет.

“Кескин баанын көтөрүлүшү болбойт. Көтөрүлө турган болсо этап-этабы менен жүрөт. Алсак, 50 тыйын, 1 – 1,5 сомдон өсүшү мүмкүн”, - дейт ал.

Тайлаков кошумчалагандай, Кыргызстанда АИ-92 бензининин бир литри эң кымбат Ош облусунда (51 сом), ал эми эң арзаны Бишкекте сатылат (49-50 сом).

Пикир

Оставить комментарий