• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыгат – Нурдан Орунтаев

Коом 0

Бишкек, 12.07.24. /Кабар/. Өлкөдө көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыгат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Ал президент тарабынан тиешелүү тапшырмалар берилер замат кол алдындагы кызматкерлерине бир катар иштерди аткарууну белгилеген.

"Биз көрүстөндөрдүн бирдиктүү долбоорунун үстүндө иштейбиз. Эми аларга да “жетебиз”. Мен бул жерге келе жатканда көрүстөндөрдүн бирдиктүү комплексин түзүү боюнча тапшырмаларды бердим. Бул дүйнө жүзүндөгү кадимки эле практика. Белгилей кетсем, биздин диний принциптерибиз кала берет. Биз жөн гана шарттарды түзүп беребиз, эч ким айырмаланбайт, баары жеткиликтүү жана кымбат болбошу керек. Баары эске алынат жана жакынкы аралыкта алгачкы жоопторду, чечимдерди беребиз", - деди Орунтаев.

Мамкурулуштун жетекчиси учурда көрүстөндөрдү рекультивациялоо маселесин да чечүү керектигин кошумчалады.

“Чындыгында эстеликтер өтө чоң жана кымбат экенин айтыш керек. Ушунун бардыгын тартипке келтирип, рекультивациялоого киришүү керек деп ойлойм. Көптөгөн эски көрүстөндөр жабылып, бирок кайра иштетилбей калган”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий