• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Көргөзмө Кыргызстанда бардык тармактарда жылыштар болуп жатканын айгинелейт - Курултайдын делегаты

Коом 0

Бишкек, 19.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. Бишкекте уюштурулган көргөзмө Кыргызстанда бардык тармактарда жылыштар болуп жатканын айгинелейт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Элдик курултайга катышуу үчүн Нарын облусунан келген делегат Айдар Тентимишов билдирди.

Ал көргөзмөдөгү атайын техникаларды, айыл чарба жана жеңил өнөр жай продукцияларын көрүп чыкканын, бул багыттагы иштерди дагы да улантуу пайда гана алып келерин айтат.

“Айыл чарба, энергетика жана башка тармактарга мынчалык сандагы техникалар сатылып алынган эмес. Аларды район-райондорго бөлүп берип жатат, алардын убайын көрүп жатабыз. Мисалы, суу чарбасында, РЭСтерде техникалар колдонулуп, бир катар иштер жасалды. Эми мындан ары да БСР, БДРлерди, каналдарды жаңыртууну улантыш керек деп ойлойм”, - дейт Нарын облусунун тургуну.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарындагы Ала-Тоо борбордук аянтында атайын техникалардын үлгүлөрү, өлкөдө жасалган жана мамлекеттик органдар тарабынан сатып алынган техникалардын, ал эми

Турдакун Усубалиев атындагы аянттагы соода-өндүрүш, жеңил өнөр жай, айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду. Иш-чарага Элдик курултайдын делегаттары катышты.

Пикир

Оставить комментарий