• 87
  • 89.63
  • 0.85

Күзөт кызматы "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" темасында форум өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Күн мурун Күзөт кызаты "Коопсуз өлкө – туруктуу келечек" темасында форум өткөрдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Форумга Кыргыз-орус Славян университетинин студенттери, Бишкек шаарын Күзөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ИИМдин башка кызматтарынын өкүлдөрү жана ошондой эле Ардагерлер кеңешинин төрагасы Бакыт Сеитов катышып, өлкөдөгү коопсуздук системасын өнүктүрүү боюнча бай тажрыйбалары менен ой бөлүштү.

Мындан тышкары, форумда "Баңгизаттардын зыяндуулугу", "Диний экстремизм жана терроризм", "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери" жана "Жол эрежелерин сактоо" жөнүндө сабактар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө күзөт кызматтарын модернизациялоо, ИИМдин ар кандай бөлүмдөрүнүн өз ара натыйжалуу аракеттенүүсү, студенттердин жана жаштар уюмдарынын коопсуздукту бекемдөөдөгү ролу тууралуу суроолор көтөрүлдү.

Катышуучулар укук коргоо органдарынын учурдагы көйгөйлөрүн, анын ичинде кибер коркунучтарды, терроризмди жана кылмыштуулук менен күрөшүүнү
талкуулашып, аларды чечүү жолдору боюнча өз сунуштарын айтылды.

Белгилей кетсек, форумдун негизги максаты өлкөдөгү коопсуздукту камсыздоонун өзгөчөлүктөрүн талкуулоо, күч органдары менен билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү ортосунда тажрыйба алмашуу, ошондой эле жаштардын укук коргоо органдарынын коомдук тартипти жана туруктуулукту сактоодогу ролу жөнүндө маалыматын жогорулатуу болду.

Пикир

Оставить комментарий