• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

“Кабар” маалымат агенттиги 80 жылдык маарекесин белгилөөдө

Коом 0


Бишкек, 07.12.17. /Нуркыз Сабырова - Кабар/. “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги 80 жылдык маарекесин белгилеп жатат. Алыкул Осмонов атындагы китепканада бул күнгө арналган конференция өтүүдө.

Агенттикти маарекеси менен куттуктоо үчүн президенттин, өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, ЖМК кызматкерлери келишти.

“Кабар” агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев улуттук агенттиктин тарыхы Кыргызстандын тарыхы менен тыгыз байланыштуу экенин, бүгүнкү күнү улуттук ЖМК Кыргызстандагы болуп жаткан окуялар тууралуу ишенимдүү маалыматтарды жайылтуу менен дүйнө жүзүн камтыган анча көп эмес медиа уюмдардын бири экенин айтты.

“Кабар” улуттук агенттиги мамлекеттик атрибутиканын катарында турат жана буга көптөгөн тарыхый фактылар күбө: улуттук агенттиктин калыптанышы менен дүйнө мамлекетти оз алдынча саясий бирдик катары тааныды. Бүгүнкү күнү агенттик маалыматтын ишенимдүүлүгү боюнча өлкөнүн башка ЖМКлары менен бир катарда турат жана аны жайылтууда ыкчам иш жүргүзүүдө”, - деди Таабалдиев.

Андан соң куттуктоо сөзү менен бир катар өлкөлөрдүн элчилери чыгышты. Алар агенттикке тыгыз кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдиришип, өлкөлөрдүн дипломатиялык мамилелерин өнүктүрүүдө “Кабар” маанилүү роль ойной турганын белгилешти.

Бир катар министрлик жана малмекеттик ведомстволор куттуктоолорунан тышкары, агенттиктин кызматкерлерине тыгыз кызматташуусу үчүн Ардак грамоталарын, ыраазычылык катарын тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий