Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Баткендин Кадамжай районунда жана Оштун Чоң-Алай районунда жолдорду калыбына келтирүү иштери аткарылууда. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Үч-Коргон (Кадамжай) – Дароот-Коргон (Чоң Алай) унаа жолунун 76–80-чакырым аралыгында оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Жумушка эки бульдозер, эки жүктөгүч, үч экскаватор, эки грейдер, төрт жүк түшүргүч тартылган.
Пикир
Оставить комментарий