Кадамжайда 375 орундуу мектептин курулушу уланууда

Коом 0

Бишкек, 03.07.24. /Кабар/. Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылындагы 375 орундуу мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2022-жылы башталган. Билим берүү уюму эки кабаттан туруп, спорттук зал дагы каралган.

"Учурда курулуш иштеринин 58 пайыздык жумушу аткарылып, жылытуу системасын, имараттын сырткы фасадын жасоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий