• 87
  • 90.43
  • 0.88

Кадамжайда белгисиз адамдын 100 миң сомун уурдап кеткен кыз Бишкектен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Кадамжайда белгисиз адамдын 100 миң сомун уурдап кеткен кыз Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 36 жаштагы Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын тургуну милицияга кайрылып, үйүнөн белгисиз адам 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул арыз Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында аталган кылмышка тиешелүү бар делип Ош облусунун Араван районунун 29 жаштагы М.К. аттуу тургуну кармалган. Ал эми уурдалган акча өз ээсине кайтарылган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий