• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Пакистандын жарандарынын Кыргызстанга мыйзамсыз миграциясы аныкталды - ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Пакистандын жарандары Кыргызстанга мыйзамсыз миграцияны уюштуруу фактысын аныкташты.

ИИМден билдиришкендей, Пакистандын жараны тиешелүү документтерди мамлекеттик органдардан жасап алып, Кыргызстандын аймагында иштөө үчүн мекендештерин чакырган.

"Бирок алар келген учурда эмгек келишими жокко чыгарылып, КР Тышкы миграция жөнүндө мыйзамына ылайык, визаларын жокко чыгаруу жана ишке уруксат бербөө боюнча чаралар көрүлгөн эмес", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар кодексинин 122-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу) боюнча катталып, Пакистандын К.Э., аттуу жаранына шектелгендиги жөнүндө кабарлама берилди.

Азыркы учурда топтолгон материалдар сотко жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий