Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. Кадамжайда каналдан белгисиз эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Пүлгөн айылынын Зайнадинов көчөсүндө каналда белгисиз адамдын (аты-жөнү такталууда) сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бирок куткаруучулар жеткенге чейин эркек кишинин сөөгүн жергиликтүү тургундар менен ИИМ кызматкерлери биргеликете чыгарышып, ИИМ кызматкерлери алып кетишкен. 3 куткаруучу тартылган.
Пикир
Оставить комментарий