• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкек – Торугарт трассасында бус менен автоунаа кагышып, тогуз адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 04.08.23. /Кабар/. Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 343-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter жана Toyota Rav 4 кагышып, тогуз адам жабыркаган. Бул тууралуу Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бус 17 жүргүнчү менен Ак-Талаа районунан Бишкектин көздөй жол тарткан, ал эми жеңил автоунаа Нарынга бараткан.

Кырсыктан жабыркаган тогуз адамдын төртөө Toyota Rav 4 (айдоочу жана үч жүргүнчү) унаасында бараткан, бир жүргүнчү реанимация бөлүмүндө жатат. Ал эми алган 5 адам бустун жүргүнчүлөрү болгон. Айдоочу жана эки жүргүнчү ар кандай жараат менен ооруканага жаткырылган, дагы экөө реанимацияда.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий