• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте жаңы автобустар үчүн автопарктын курулушу кызуу жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын автопаркында жаңы автобустардын келишине даярдыктар кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишкананын базасында 300 даана эски Ясин автобустары аукцион аркылуу сатылды. Эски автобустардан чыккан таштандылар чыгарылып, учурда эски асфальтты сыйруу иштери аткарылууда. Мындан тышкары, ишкананын аймагында газ толтуруучу компрессордук станциянын курулушу уланууда.

Асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин, тышкы жарыктандырууну орнотуу иштери жүргүзүлүп, айланасы көрктөндүрүлөт, ошондой эле автопарктын айланасын тосуу иштери дагы кызуу жүрүүдө.

Ишкананын жумушчуларына, автобус оңдоочуларына (слесарларга) ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, өндүрүштүк имаратты оңдоо, чатырын алмаштыруу иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Кытайдын «Zhongtong bus Holding Co., LTD» заводунан Бишкек шаары үчүн газ кыймылдаткычтуу 120 автобустун партиясы сатылып алынган. Алар борбордун жолдорунда сыноодон ийгиликтүү өткөндүктөн, бюджеттик каражаттардын эсебинен бул маркадагы автобустун дагы 1000 кошумча партиясын сатып алуу жана Бишкекке жеткирүү чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий