• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Учурдагы Конституция өзүнүн тарыхый миссиясын аткарган жок – юрист

Коом 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Учурдагы Конституция өзүнүн тарыхый миссиясын аткарган жок. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин пленардык жыйынында юрист Медер Алиев билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын негизинде өткөн 4-октябрдагы парламенттик шайлоо мыйзамсыз менчикке ээ болгон бай адамдардын бийликке келишине шарт түзгөн.

"Жай айындагы коронавирустун күч алып, адамдардын каза болгондугуна эч ким жоопкерчиликке тартылган жок. Мунун баары ушул Конституциянын айынан болуп жатат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий