• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Улуттук буюмдар, киийимдер жана суусундуктар Сеулдагы эл аралык көргөзмөгө коюлду

Коом 0

Бишкек, 5-июня /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги Кыргызстандык “Максат” борбору менен биргеликте ушул жылы 1-4-июнга чейин Сеул шаарында өткөн «KOREA TRAVEL FAIR 2017», деген аталыштагы эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Аталган көргөзмө Азиядагы эң ири эл аралык иш чара болуп эсептелет. Ал Кореянын Маданият жана туризм министрлиги, Корея улуттук туристтик уюму жана Корея авиакаттамдарынын жана Корея турагенттеринин ассоциациясынын колдоосу менен уюшулду.

Иш чарада Кореяда каттоодон өткөн чет өлкөнүн дипломат өкүлдөрү, расмий өкүлдөр, ошондой эле, жергиликтүү жашоочулар жана чет өлкөлүктөр катышты.

Көргөзмөдө кыргызстандык делегация улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарын, улуттук кийим, ошондой эле, улуттук суусундуктар “Шоро” менен “Танды” коюшкан. Мындан тышкары Кореянын компанияларына кыргызстандын туризмин даңазалаган баракчалар таратылды.

Өз кезегинде элчилик “Максат” Кыргыз борборуна эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышкандыгы, анда чет элдиктердин назарына коюлган материалдар үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий