• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

СOVID-19: Сузак районундагы айрым чектөөлөр алынды

Аймак 0

Бишкек, 23.11.20. /Кабар/. Өткөн жумадан тарта Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы мечиттер жана мал базарлар ишин жандантты. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жергиликтүү штаб тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык, мында оору жугуу тобокелчилигин азайтуу максатында беткап менен санитардык талаптарды сактоого өзгөчө көңүл бурулат.

“Жума намаз окулуучу мечиттерде аралык сакталып, убакыт кыскартылган. Аны менен катар район борборундагы жума сайын өтүүчү базарлар да иштеп баштады. Аларга жергиликтүү бийлик жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери көзөмөл жүргүзөт. Убактылуу чектөөлөрдү жоюу тургундардын кыш камылгаларын көрүү боюнча кайрылууларынын негизинде кабыл алынган”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий