• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жалал-Абад шаарындагы Дадан Баев көчөсүнө асфальт төшөлдү

Аймак 0

Бишкек, 22.06.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы Дадан Баев көчөсүнө асфальт төшөлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы асфальт төшөлгөн жолдун ачылуу аземине Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, мэрдин орун басары Айбек Жолдошев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Аталган көчөнүн узундугу 1 чакырым, туурасы 5 метрди түзөт. Курулушка жергиликтүү бюджеттен акча каражаты жумшалып, асфальт төшөө иштерин Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгы жүргүзгөн.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында быйыл 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Пикир

Оставить комментарий