• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кочкор-Атадагы ооруканага циррозду эрте аныктоочу аппарат сатып алынды

Ден соолук 0

Бишкек, 03.08.23./Кабар/. Кочкор-Ата Жалпы дарыгерлик практика борбору үчүн боордун циррозун эрте диагностикалоочу "ФиброСкан" медициналык жабдуусу сатып алынды. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аппаратты сатып алууга ММК фонду тарабынан 9 млн 175 миң сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн.

Учурда аталган аппарат менен Ноокен районунун 146 миңден ашык, ошондой эле Аксы, Ала-Бука, Таш-Көмүр, Майлуу-Суу, Кара-Көл шаарларында жана Шамалды-Сай поселогунда жашаган 361 миңден ашык жашоочуларга медкызмат көрсөтүлүүдө.

Заманбап "ФиброСкан" аппараты медиктерге боордун жабыркашынын деңгээлин өз убагында баалоого мүмкүндүк берет жана фиброз жана цирроз сыяктуу боор ооруларын эрте диагностикалоо жана мониторинг жүргүзүү үчүн маанилүү.

Белгилей кетсек, изилдөөнү жүргүзүү үчүн жалпы дарыгерлик практика борборунда иштеп жаткан дарыгери тиешелүү окуудан өтөт.

"ФиброСкан" аппаратынан төмөндөгүдөй ооруларды текшерүүгө болот:

- өнөкөт вирустук гепатит;

- бейтаптар вируска каршы пландуу терапияны баштоодо (фиброзду дарылоодон мурун, учурунда жана андан кийин баалоо үчүн);

- цирроз менен ооругандар жана башкалар.

Белгиленгендей, "ФиброСкан" аппараты менен текшерүү амлекеттик кепилдиктер программасы боюнча жеңилдетилген медициналык кызматтардын тизмесине кирбейт. Төлөм ЖДПБнын бекитилген баасынын прейскуранты боюнча жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий