• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 03.08.23. /Кабар/. Бишкекте тротуарларды оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Бөкөнбаев көчөсүндөгү узундугу 150 метр, туурасы 2,5 метрди түзгөн тротуар оңдоло баштады. Учурда аталган көчөнүн Тыныстанов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгүндө эски асфальтты сыйруу иштери аяктап, тротуар бордюрларын орнотуу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Т.Айтматов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тротуарды капиталдык оңдоо иштери 95%га аяктады. Сугат лотоктору, тротуардын бордюрлары орнотулду. Курулушка тоскоол болгон эки күркө тротуардан ары жылдырылды. Ушул жуманын аягына чейин аялдамаларды жана өтмөктү асфальттоо пландалууда.

Мындан тышкары, Юнусалиев көчөсүнүн чыгыш тарабында тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери жүрүп, Ахунбаев көчөсүнөн Миррахимов көчөсүнө чейин асфальт төшөлдү. Тротуардын узундугу 1600 метр, туурасы 3 метрди түзөт.

Көчөнүн чыгыш тарабы бүткөрүлгөндөн кийин батыш тарабы да оңдолуп, аялдамалардагы асфальттарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий