Тагдырдын тайкысына кабылып, оор турмуштун азабын көтөрө албай селсаякка айланып, тилемчиликке барган жарандарыбыз көп. Алардын абал-жайын ойлогон бирөө-жарым барбы, мындай жашоого кабылгандарына ким күнөөлүү, жооп издеп көрдүк.
Тажрыйбасыз тилемчилик
61 жаштагы Ахматова Салима беш айдан бери Бишкекте тилемчилик менен күн көрүп келет. Ал буга чейин Джалал-Абадда сүт, каймак сатып жүргөн. Жыл өткөн сайын ден-соолугу начарлагандыктан иштей албай төшөккө жатып калганда жубайы таштап кеткен. Өзүн багыш үчүн башында үйдөгү буюмдарын сата баштап, аягында үйүн сатууга мажбур болгон. Ошентип калган акчаны алып Бишкекке келип, Ош базардан ижарага стол алып семечка, тамекилерди сатып бир айдай иштеген. Тапкан акчасы күнүмдүк тамак-ашына жана даарысына гана жетип, ижарага артпай калган. Дал ошол күндөн тарта Салима айым тилемчинин күнүн өткөрө баштаган.
«...Эки күндөн кийин жергиликтүү тилемчилер мени себепсиз сабап салышты. Бетим көгөрүп, бөйрөгүм жана буттарым катуу ооруп баштады. Түндө аялдамада уктап жатканымда мени милиция кызматкерлери атайын тергөө бөлүмүнө алып кетишти. Ал жактан паспортумдун көчүрмөсүн алып туугандарыма чалып жубайым жана балдарым жок экендигин аныкташты. Кийинки күнү мени мурунку ордума жеткиришти», - деди Салима Ахматова.
Тилемчилерди рейддерде алып кетип эмне кылышат?
Бишкекте белгилүү убакыттарда милиция кызматкерлери тарабынан тилемчилик кылган, үйү жок же үйүнөн качып кеткен балдарды аныктоо үчүн рейддер дайыма жүргүзүлүп турат. Көчөдө калган үй-жайсыздарды эмне үчүн жана каякка алып кетишинин себептерин шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздукту сактоо кызматынын башкы инспектору Жеңишбек Дүйшекеевден сураганда төмөндөкүлөрдү айтты:
«Тилемчиликтин өзү коомдук тартипти бузуу болуп саналат. Бирок,алардын кайыр сураганга толук эркиндиги бар. Биз рейддерде суроо бергенде эгер үй-жайсыз киши тартипти бузса, мисалы сөгүнүп жооп берсе же жолдун ортосунда турса, аны бөлүштүрүүчү жайга алып кете алабыз. Ал жактан анын ким болгонун, кайсыл жактан келгенин аныктап, тизмеге алабыз. Чет элдик жарандарды депортациялайбыз, тартипти бузгандардын айрымдары айып пулга жыгылат, айрымдарынын иштери сотко жиберилет.Өтө оор абалда болгондорду “Коломто” социалдык мекемесине, балдарды ИИМдин реабилитациялык борборуна жиберебиз».
Көчөдө калгандарга ким жардам берет?
Жыл бою үй-жайсыздар үчүн дайыма ачык болгон муниципалдык мекеме “Коломто” толугу менен мамлекет тарабынан каржыланат. Бул мекеменин жетекчиси Айгул Сманолиева башпаанекте жашоону төмөндөкүдөй баяндап берди:
“Көпчүлүк учурларда үй-жайсыздарды милиция же тез жардам кызматкерлери алып келишет. Айрым учурларда түнөгөнгө жери жок болгон кишилер өз калоосу менен келишет. Биз аларга ысык тамак, таза кийим менен камсыздайбыз. Ошондой эле келгендер жуунушат, медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Үч айга чейин бул жакта жашашса болот, бирок жашы өткөн кишилер жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер туруктуу болуп жашай берсе болот.”
Ошондой эле шаардагы активисттер мезгил-мезгили менен үй-жайсыздарга жардам берип турат. Мисалы, Sputnik.kg сайтына чыккан маалыматтарга караганда быйыл 12-декабрда “Другие люди” аттуу акциясында шаардын айрым жерлериндеги үй-жайсыздарга жана колунда жок болгондорду кийим жана тамак-аш менен камсыздашкан.
Же өлөсүң же өлтүрөсүң
Бишкек шаарынын эски автобекетинин четинде отурган 32 жаштагы тилемчи Светлананын буга чейин үй-бүлөсү бар болчу. Бирок, жалгыз кызы өпкө оорусуна (пневмония) чалдыгып каза болгон, андан соң жубайы үйүн сатып акча менен дайынсыз жоголгон. Үч жыл мурун кычыраган кыш айларында үшүк алып, сол колундагы төрт манжасын жоготуптур.
«Сол колумду үшүк алып кеткен. Түндөрдүн биринде уктап жатсам, колумду бирөө тыткылагандай болуп жаткан. Ойгонгондо эки чычкан бармактарымды жеп жатыптыр, катуу кыйкырып аларды араң кууп салдым. Ошентип менин чоң бармагым эле калды. Кайыр сураганда башында кишилер колумду көрүп көбүрөөк акча берип жүрүшкөн, бирок, акыркы учурларда эмнегедир адамдар кайдыгер болуп баратат. Бир жолу кайыр сураганымда, бир аял токтоп “Сен бармактарыңды өзүң эле мас болгонунда кесип салган окшойсуң!” деп айтканында аябай ачууландым эле. Мен тилемчиликке жыргал жашоодон келген жокмун да...”, – деп баяндады Светлана.
Тилемчилерге болгон мамилени билиш үчүн шаардын тургундарынан сурамжылоо жүргүздүк. Анын натыйжасында, көпчүлүгү тилемчилерге терс мамиледе. Бул пикирлердин себептерин Бишкек шаарынын тургуну Алтынай Жакшыбекова төмөндөкүдөй божомолдоду:
«Акыркы учурларда жалпыга маалымдоо каражаттарында тилемчилер боюнча терс маанидеги маалыматтардын жайылганын байкап жүрөм. Мисалы “тилемчилер – бул бизнес”, “тилемчилердин жашоосу жыргал”, “тилемчилердин крышалары бар”, “тилемчилердин айлыгы мугалимдердикинден да көп” деген маалыматтарды көп окугам. Ооба, мындай да учурлар кездешет, бирок тилемчилердин баары жыргал жашоодон кайыр сурап жүрөт деген ой туура эмес деп эсептейм.”
Жогорудагы көйгөйдү чечүү жолдорун Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбаларынан тапсак болот. Мисалы, Прагада үй-жайсыздар жана тилемчилер үчүн “Стол для одного” аттуу акцияны Доминика Фаркасова негиздеген. Аларга өзгөчө карточка берилет жана ушул документ менен күндө бир жолу айрым кафелерде акысыз тамак-аш жесе болот. Негизги эреже – тыкан болуп келиши керек. Бул акциянын негизги максаты оор абалга кабылган адамдарды колдоо жана аларды көчөдө калуусуна жол бербөө болуп эсептелинет.
Айта кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтында үй-жайсыздар үчүн иштеген атайын жайлардын тизмеси жайгаштырылган. Свердлов жана Октябрь райондогу башпаанектер жыл сайын суук түшкөн мезгилде ачылат. Биринчи май районундагы “Коломто” муниципалдык мекеме туруктуу иштейт. Ленин районундагы башпаанек аялдарды жана балдарды гана кабыл алат.
Калчакеева Камила,
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин журналистика бөлүмүнүн студенти.
Пикир
Оставить комментарий