• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Какырыкта “коркунучтуу” бактериялар менен мителер бар

Дүр дүйнө 0

Дени сак адамдын дем алуу органдарында 90% суудан, калган бөлүгү минералдык туздардан турган какырык бөлүнүп чыгарылат. Көбүнесе ал айласыздан жутулат. Какырык дайыма кандайдыр бир оорунун белгиси болуп саналат. Бөлүнүп чыккан былжырдын мүнөзүнө жараша оору аныкталат. Аны микроскоп менен изилдөөдө бактериялар, грибоктор, мителерди жана шишик клеткаларын көрүүгө болот. Андагы лейкоциттер аркылуу аллергия, оорулардын болушу жана иммунитеттин абалы тууралуу билүүгө болот.

Түрлөрү жана пайда болуу себептери:

  • Астмада жөтөлгөндө илээшкек какырык чыгат.

  • Өпкө шишигинде - кан аралаш жана көбүктүү.

  • Тунук бир аз кан аралаш какырык өпкөнүн бронхалык рагынын эрте стадиясынын симптому.

  • Илээшкек, суулуу какырык – өпкө рагынын жеңил түрү.

  • Өпкө инфарктында ачык кызыл болот.

  • Өпкө оорусунда жөтөлдөн чыккан былжырда ириң пайда болот.

  • Сибирь жарасынын ооруларында, ар кандай шишиктерде какырык кан аралаш чыгат.

  • Ириңдүү бронхит, рак ооруларында же сасык тумоодо малина түстүү килкилдек кан жана ириң аралаш чыгат.

Дарылоо

Эгерде какырыктын пайда болушуна оору себеп болсо, аны пайда кылган түрдүү заттардын баарынан качуу зарыл. Эгерде өнөкөт өпкө оорусу кесибиңиз менен байланыштуу болсо, аны алмаштырууга туура келет.

Дем алуу органдарында былжыр топтолуп калса, дарыгер аны сордуруу, дем алуу органдарын тарытуу процедураларын дайындайт. Башкысы какырыкты пайда кылган негизги ооруну дарылоо зарыл. Ал үчүн дарыгерге кайрылып, адистин кеңешин алуу керек.

Кеңештер

  • Какырык ар дайым дем алуу органдарынын ооруларынын белгиси экенин биле жүрүү керек.

  • Какырыктуу жөтөлдө бейтап дароо дарыгерге кайрылууга тийиш.

  • Какырыкта коркунучтуу оору козгогучтар бар, ошондуктан жөтөлдөн чыккан былжырга башка адамдар жолобошу керек.

  • Катуу жөтөлткөн учурда салфетка менен оозду жабуу зарыл. Салфетканы сөзсүз ыргытып салуу керек.

  • Какырыкты жутса болобу деген суроого келсек. Көбүнесе аны сөзсүз түрдө түкүрүү керектиги кеңеш кылынат. Бирок бул коомдук жайларда же иш орундарында гигиенага туура келбейт. Какырыкты түкүрүү зарылдыгын анын кайра барып өпкөдө туруп калары менен түшүндүрүшөт. Бул жаңылыш пикир, жутканда какырык ашказанга барып түшүп, тамак менен бирге сиңирилет.

  • Ашказанда ферменттер бактерияларга чабуул коюп, аларды нейтралдаштырышат. Микроорганизмдердин жашап кетүү мүмкүнчүлүгү аз. Себеби сиңирүүдө туз кычкылы катышат. Кычкылга туруштук бере алган сейрек кездешүүчү оору козгогучтар он эки эли ичегиге түшүүсү мүмкүн. Анда аларга щелочь жана энзима таасир этет. Ошентип, кандай шартта болбосун оору козгогуч жеңилет.

  • Тамак сиңирүү учурунда какырыктагы бактериялар жок болушат. Ошондуктан бронхалардан бөлүнүп чыккан былжырларды жутууга болот. Аны анализ үчүн керек болгондо түкүрүүгө болот. Калган шартта өз ыңгайыңызга жараша жасай берсеңиз болот.

Пикир

Оставить комментарий