• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Калкты арзан жана сапаттуу дары-дармектер менен камсыз кылуу зарыл – Бейшеналиев

Маек 0

Жакында Бишкекте «Айданфарма» ишканасынын базасында медициналык багыттагы буюмдарды чыгаруу боюнча биринчи линия ишке кирди. Андан кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Кыргызстанда жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин тизмесинен кеңири ассортименттеги дары-дармектерди өндүрүүнү локалдаштыруу боюнча пландары белгилүү болду. “Кабар” маалымат агенттиги Алымкадыр Бейшеналиевден ата мекендик фармацевтика тармагын өнүктүрүү пландары боюнча маек курду.

-Саламатсызбы? Кыргызстанда дары препараттардын канча түрү чыгарылат?

- Жакында эле “АйданФарма” фармацевтикалык заводу жакынкы арада 5 түрдөгү дарыларды чыгара баштайт. Келээрки жылдын ичинде таблеткалардын жана капсулалардын 120 түрүн, маздардын 20 түрүн жана сироп менен суспензиянын 10 түрүн чыгарууну пландап жатабыз.

- Мамлекеттин көзөмөлү алдында бир нече завод дарыларды чыгарууга тартылабы?

- Ооба, тартылат. «Айдан Фарма» дары каражаттарды чыгаруу менен алектенген жалгыз ишкана болбойт. Биз башка ишканаларды өндүрүш процессине тартуу максатында фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүп жатабыз.

- Кыргызстанда азыр кандай дары каражаттарды өндүрүү эң маанилүү?

- Биз негизги дары каражаттардын тизмесине кирген дарыларга басым жасайбыз. Булар, биринчи кезекте, жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоо үчүн дары каражаттар, кеңири спектрдеги антибиотиктер жана саламаттыкты сактоо системасында жана калк арасында эң көп суроо-талапка ээ болгон башка дарылар.

- Муну рынокто бааны орнотуп жаткан, көп учурда жогорулатып жаткан дарыкана мафиясына сокку деп атоого болобу?

- Дары каражаттары боюнча ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүү импортко көз карандылыкты азайтуу багытында жасалган кадам болуп саналат, бул албетте рынокто баа түзүүгө таасирин тийгизет. Импорттук продукциянын үлүшүнүн азайышы менен жеткиликтүү бааларды орнотууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бул эч кимге каршы күрөш эмес, калкты арзан жана сапаттуу дары каражаттар менен камсыздоо чаралары болуп саналат.

- Ата мекендик препараттар дарыканаларда качан пайда болот жана алар чет өлкөлүк аналогдоруна караганда канчалык жеткиликтүү болот?

- “АйданФарма” заводунан препараттардын биринчи партиясы жакынкы айларда күтүлүүдө. Ата мекендик дарылар логистикалык чыгымдардын кыскартылышынын жана өндүрүштүн жөнөкөйлөштүрүлгөн циклинин аркасында импорттук аналогдорго караганда жеткиликтүү болуп, сапаттын бардык талаптарына жооп берет.

Маектешкен Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий