• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Калкты таза суу менен камсыздоодо ичүүчү суу боюнча муниципалдык ишкананын орду кандай?

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. 22-март Бүткүл дүйнөлүк суу ресурстар күнүнө карата биз Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Зууракан Кайназарова айыл аймагынын Белек айылынын “Достук" таза суу боюнча муниципалдык ишканасынын директору Лира Аккабакова менен ишкананын максаты жана мааниси тууралуу маек курдук.

— Лира Текиновна, алгач муниципалдык ишкана эмне максатта түзүлөт жана анын мааниси жана маңызы эмнеде, ушул тууралуу айтып берсеңиз?

Таза сууга муктаж болгон айылдарда ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын кургандан кийин, аны тийиштүү эксплуатациялоо жана туруктуулугун камсыздоо маселеси пайда болот. Анткени, системаны эксплуатациялабаса, ал бат эле иштен чыгат. Андыктан, бул максатта муниципалдык ишкана түзүлөт.

Курулуш жумуштары аяктагандан кийин, ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасы алгач айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилет. Ал эми айыл өкмөтү келишимдин негизинде чарбалык башкарууну ишканага өткөрөт.

Суу боюнча ишкана калктан сууга болгон төлөмдөрдү чогултуп, ал каражатка курулган суу системасын оңдоп-түзөп, анын ойдогудай иштөөсүн камсыз кылат. Башкача айтканда, айыл аймак калкын, ишканаларды, уюмдарды жана мекемелерди ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча кызматтарды көрсөтөт.

— Сиз өзүңүз жетектеген “Достук” муниципалдык ишканасы качан түзүлгөн жана учурда кандай иштеп жатат?

2018-жылы биздин айылда Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун алкагында суу системасынын курулуш иштери башталган.

Айылга суу түтүктөрү тартылып, ар бир үйгө суу эсептегичтери орнотулган. 2021-жылы долбоордун колдоосу менен "Достук" ишканасы түзүлүп, керектүү жабдыктар, компьютердик техника менен камсыздалган. Мындан тышкары, долбоордун адистери тарабынан тиешелүү окутуулар өткөрүлгөн.

Ошондон бери ишкананын кызматкерлери Белек айылын ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иш алып баруудабыз.

Мен 18 жыл ичүүчү суу тармагында иштеп, тажрыйба топтогом жана аталган ишкананы 2021-жылдан бери жетектеп келе жатам.

— Сиздердин ишмердикте кандай кыйынчылык бар? Калк ишкананын мааниси тууралуу түшүнүп калдыбы?

Ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу абдан маанилүү. Дал ушул себептен ишкананын адистери тарабынан айыл калкына таза суу түтүктөрүн техникалык пайдалануу, ичүүчү сууга сарамжалдуу жана этият мамиле кылуу, ошондой эле абоненттерге берилген суунун акысын өз убагында төлөө боюнча түшүндүрүү иштери пландуу түрдө жүрүп жатат.

Ал эми калктын сууга болгон мамилеси акыркы жылдары жакшы жакка өзгөрүп жатат десем жаңылышпайм. Тургундар ишкананын маанисин түшүнүп, сууну туура колдонуп, ага аяр мамиле менен карап, суу боюнча проблема болсо, кай жакка кайрылуу керек экенин түшүнүп калышты.

Мен учурдан пайдаланып, биздин айылды суу менен камсыз кылып бергенине АРИСтин “Айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирип кетким келет.

Ошондой эле, окурмандарды Дүйнөлүк суу күнү менен куттуктап, сууну үнөмдөөгө, ага аяр, сый мамиле кылууга чакырам.

Пикир

Оставить комментарий