• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-түрк өнүктүрүү фонду үчүн инвестициялык фондду түзүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. 2022-жылдын 22-мартында Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Түркия парламентинин экс-спикери, Түркиянын Адилеттик жана өнүгүү башкаруучу партиясынын орун басары Бинали Йылдырым менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар ТМУ жана эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын алкагында кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле ТМУ жана кыргыз-түрк өнүктүрүү фонду үчүн инвестициялык фондду түзүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода жүгүртүүнүн динамикасын жогорулатуу, соода тоскоолдуктарын жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешип иш алып баруу, электрондук коммерцияда кызматташууну өнүктүрүү боюнча максаттарды коюшту.

Пикир

Оставить комментарий