• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майга болгон бааны мамлекет көзөмөлдөй албайт. Себеби

Экономика 0

Бишкек, 24.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жөнгө салынуучу чөйрөлөр башкармалыгынын жетекчиси Сагын Маматоморов бүгүнкү күндө күйүүчү-майлоочу майга болгон баага мамлекеттик көзөмөл жок экендигин айтат.

Нет описания.

“Биздин ведомство бааны бир гана учурда тескейт. Эгер бир айлык мөөнөттө күйүүчү майга болгон баа өз наркынан 20%дан ашса, анда өкмөт тарабынан жөнгө салуу киргизилет. Ал учурда 90 күнгө көзөмөлгө алынат”, - дейт ал.

Маматоморов күйүүчү майдын баасы эмне себептен өсүп жатканына токтолду.

“Пандемия учурунда дүйнө жүзүндөгы өлкөлөрдүн экономикасы солгундап, күйүүчү-майлоочу майга болгон суроо талап түшкөн. Ошол маалда майдын баасы 2011-жылкы наркка түшүп кеткендиктен заводдор күйүүчү майлардын көлөмүн 30-40%га чейин азайтышкан. Ал эми 2021-жылдан баштап экономика өсө баштап, бензинге болгон суроо талап күчөдү. Бирок күчүүчү майлардын көлөмү аз болгондуктан баа өсүп кетти”, - деп белгиледи Маматоморов.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү кошумчалагандай, Кыргызстан бир жылда 1 млн 200 тонна күйүүчү-майлоочу май керектейт. Анын 1 млн тоннага жакыны Россиядан алып келинсе, 200 тоннасы ички өндүрүүчүлөрдөн алынат.

Пикир

Оставить комментарий