• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Камчыбек Ташиев экөөбүздү кайраштырууну көздөгөн жактар бар — Садыр Жапаров

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. "Камчыбек Ташиев экөөбүздүн ортобузду бузууга кызыктар жактар бар. Алар ушундай болсо бийликти кулатуу оңой болот деп эсептешет. Мен алардын оюу ишке ашпайт деп ишенимдүү айта алам. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев экөөбүздүн ортосузда ажырым болбойт", - деди бүгүн президент Садыр Жапаров II Элдик курултайда сүйлөп жатып.

Мамлекет башчысы делегаттардын суроолоруна жооп берип жатып анда белгилүү аксакалдардын биринин санаалаштарын Камчыбек Ташиев бийликти колго алууну көздөп жатат деген сыяктуу ушак таратууга үндөп жаткан видеосу бар экенин белгиледи.

"Ал Ташиев экөөбүздү кайраштырууга басым жасап жатканын көрүүгө болот. Мен бул видеону жарыялап, аксакалды уяткарып койсом деле болмок, бирок аны адам катары аядым. Ошондуктан мен мындай кылбайм. Азыр алар кичине тынчтанып калышты. Жалпысынан ушул сыяктуу кызыктар жактар бар.

Мен үчүн Камчыбек Ташиев коркунучтуу эмес. Биз ортобузду бузууну көздөгөн мындай күчтөргө жол бербейбиз", - деп белгиледи ал.


Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Пикир

Оставить комментарий