• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ак-Ордо конушунан келген делегат турак жайларына кызыл китеп ала албай жүргөн жарандар бар экендигин айтты

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23./Кабар/. Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Курултайдын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Ордо 3 конушунан келген делегат Жолдошбек Турдубаев турак жайлардын кызыл китеп маселесин көтөрдү.

“Учурда 3 миңге жакын үй сот аткаруучулар тарабынан камакта турат. Бул комиссиянын да, Кадастрдын да жумушуна тоскоолдук жаратып жатат. Ошондой эле Тынчтык жана Ата-Журт конушунда 100 үй-бүлө үйлөрүнүн кызыл китебин ала албай жатат. Ушул маселени көзөмөлдөп, жардам берип коюуңзду өтүнөм” , - деп президентке кайрылды делегат.

Мындан тышкары, Турдубаев Ак-Ордо конушунда мектептин жоктугуна байланыштуу 10 миңге жакын окуучу Бишкек шаарына каттап окуп жаткандыгын айтып, мектеп куруу иштерин тездетүүнү өтүндү.

Ошондой эле ал Ак-Ордо 2, Учкун 2, Тынчтык конуштарына дагы мектеп салып берүүнү суранды.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий