• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Түп районунун делегаты Айыл чарба кодексин иштеп чыгууну сунуштады

Курултай 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда биринчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин аймактардан шайланып келген делегаттарга сөз берилди.

Ысык-Көл облусунун Түп районунан келген Мукаш Мамбетов жайыт маселесине токтолду.

“Кыргызстанда жайыт жерлеринин 40 пайызы деградацияга учураган. Малдын саны көбөйүп, сапаты жок. Сырт жайлоосуна мал көчө албай жатат. Себеби жолдор өтө татаал, кээ бир көпүрөлөр жасалбай жатат. Ушуну көзөмөлгө алып, Сырт жайлоосун колдонсок, берки жактагы жайыттар эс алат эле. Менин сунушум, жайыт боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши керек. Айыл чарбага, жайыттарга тиешелүү мыйзамдарды кодификациялап, бир Айыл чарба кодексин иштеп чыгууну сунуш кылам”, - деди делегат.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда биринчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 1000ден ашуун делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күн — 25-26-ноябрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча биринчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Белгилей кетүүчү жагдай, президенттин «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыгына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарына биринчи Элдик курултайды өткөрүү белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий