• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ысык-Көлдөн келген делегат көлдөгү экология, жайкы убактагы тыгын маселесин чечүүнү өтүндү

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23./Кабар/. Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик масштабдагы экинчи Элдик курултай ишин улантууда.

Курултайдын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Түп районунан келген делегат Олег Турганбаев көлдүн деңгээли ылдый түшүп кетип, эко баланс, климат бузулуп жаткандыгын айтты.

“Суунун деңгээлин көтөрүш үчүн тез арада Каркыра суусун Түптүн суусуна кошуп, көлгө куюш керек. Ысык-Көл биосфералык аймак болгондон кийин, ошондой макам алгандан кийин Балыкчынын кире беришине курулган эко постту кайрадан иштетүү зарыл. Ысык-Көл үчүн, экология үчүн кирген унаалардан 40 сом болобу же 50 сом болобу алуу керек. Ошол каражатты экологияны жакшыртууга жумшоо зарыл. Ысык-Көлдөгү экология акыбалы өтөт оор. Көлдүн ичи дагы, сырты дагы, жээги дагы экологиялык стандартка туура келбейт. Ошондуктан Кумтөрдөн түшкөн каражаттан эки пайыз бөлүп, максатуу түрдө экологияны жакшыртууга жумшаш керек. Ошондой эле көлдү сактоо комитетин түзүү керек. Андан тышкары, жайкы убакта жол тыгыны маселесин чечүү үчүн Чолпон-Ата шаарында айланма жол курууну сунуштайм. Жолду курууну 2024-жылдын планына киргизүү зарыл. Дагы бир маселе, Каракол шаарында ипподром иштебей турат. Ошону оңдоп-түзөп ишке берсе абдан жакшы болор эле, бул тарыхый ипподром, Кыргызстан боюнча биринчи салынган ипподром”, - деген сунуштарын айтты делегат.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий