• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

II Элдик курултай. Сокулук районундагы таза суу, газдаштыруу көйгөйлөрү айтылды

Курултай 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат. Бүгүн, 16-декабрь - курултайдын экинчи күнү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда.

Сокулук районунун Саз айыл өкмөтүнөн келген делегат Клара Токталиева аймактагы таза суу, газдаштыруу жана малина, кулпунайды кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу маселесин көтөрдү.

"Биздин айылда жайгашкан "Газпром" компаниясы Сокулук районун толук жана Бишкек шаарын жарымын газ менен камсыздайт.

2016-жылдары аталган ишкананын тегерегинде жайгашкан Саз, Төш-Булак, Асылбаш, Күн-Туу, Кызыл-Туу, Национальный, Панфилова, Первомайский, Фрунзе, Комсомол, Студентская, Озерная жана Ак-Ордо-3 айылдары жана Шопоков шаары газ менен камсыз кылат деп пландалган эле. Тилекке каршы бүгункү күнгө чейин дайын жок. Биздин экинчи көйгөйүбүз - таза суу маселеси. Саз, Төш-Булак, Асыл-Баш, Биринчи-Май, Күн-Туу жана Кызыл-Туу айылдарында 1950-60-жылдары курулган суу-түтүктөрү бүгүнкү күндө эскилиги жетип, ар тарабы жарылып, кум-топурак, кээде курт-кумурскалар аралаш суу чыгат", - деген делегат ушул маселени чечип берүүнү тийиштүү органдарга тапшырууну суранды.

Ошондой эле Токталиева Сокулук районунун түштүк аймагында 15-20-жылдан бери кулпунай жана малина өстүрүлүп келерин, бирок кайра иштетүүчү чакан же кичи ишканалардын жоктугунан жана бул жемиштер тез бузулуучулардын катарына киргендиктен дыйкандар ортомчуларга өткөрүүгө мажбур болушарын айтты.

"Ортомчулар дыйкнадардан арзан алып, ишканаларга эки-үч эсе кымбат өткөрүшөт. Ошондуктан бизге кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруп берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Ошондой болгондо дыйкандар ишканаларга түз өткөрүп, өз эмгегинин үзүрүн көрмөк", - дейт ал.

Мындан тышкары, делегат оорукана, маданийт үйү, почта имараттарынын оңдоп-түзөөгө муктаж экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий