• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кадамжайлык делегат чек арага чектеш айылдарга өзгөчө макам берүү маселесин көтөрдү

Курултай 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда экинчи Элдик курултай өтүп жатат.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.

Андан соң аймактардан шайланып келген делегаттар жарыш сөзгө чыгышты.

Баткен облусунун Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагынан келген делегат Шерикбек Абдылдаев негизги 3 маселеге токтолду.

Анын айтымында, Кадамжайда жергиликтүү бийлик тарабынан бир топ алгылыктуу иштер жасалып жатат.

“Бирок, райондо республикалык деңгээлде дагы чечилчү маселелер бар. Быйыл биз Айрыбаз айыл аймагынан төмөнкү маселелерди көтөрдүк. Алар - сугат суунун тартыштыгын жоюу, чек ара аймагындагы айылдарга өзгөчө макам берүү, мөмө-жемиш багытында логистикалык борбор куруу. Айрыбаз айыл аймагында 17 миңден ашуун калк жашайт. Эл негизинен дыйканчылык жана багбанчылык менен жан багат. 2,5 миң гектарга жакын суугат жерлери бар. Жылдан жылга суу танкыстыгы күчөп, чакан БСР куруу зарыл болууда. БСР курула турган болсо, биздин айыл аймактагы сугат суу маселеси толук чечилмек. Экинчи маселе боюнча сөз кылсак, биздин айыл аймак 6 айылдан туруп, 18 чакырым аралыкта Өзбекстан менен чектешет. 6 айыл тең өзгөчө макам алуу боюнча тизмеге кирген. Ушул маселенин чечилишин тездетүүнү өтүнөбүз. Ал эми үчүнчү маселе боюнча айтсам, мөмө-жемиштерден түшүмдү мол алабыз, бирок аларды сактоого шарт түзүлгөн. буга байланыштуу мөмө-жемиштер багытында логистикалык борбор куруу маселесин чечип берүүнү суранабыз”, - деп билдирди делегат.

Белгилей кетсек, Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда экинчи Элдик курултай өтүп жатат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан жана аймактарынан 700 делегат, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери катышууда.

Иш-чара эки күнгө — 15-16-декабрга созулат.

Курултайдын жыйынтыгы боюнча экинчи элдик Курултайдын резолюциясы кабыл алынат.

Курултайдын максаты — мамлекет башчысынын эл менен түз байланышуусу, анда белгиленген аймактардан шайланып келген делегаттар менен пикир алмашат.

Экинчи элдик курултайды өткөрүү боюнча президенттин тиешелүү жарлыгы ушул жылдын августунда чыккан.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында өткөн. Анда өлкө аймагынан келген 1000дей делегат катышкан.

Пикир

Оставить комментарий